www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 2017-жылы 5 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу райондук прокурор М.Абсатаровдун маалыматына шилтеме менен Turmush басылмасы маалымдаган. Көзөмөлдөө органынын өкүлү «өспүрүмдөр арасында суициддин алдын алуу боюнча иштер керектүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатат», деп ойлойт. Анын айтымында, 2017-жылы райондук прокуратура 39 текшерүү жүргүзгөн.

Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Саадат Чекирова 31-январдаБилим АКИpress сайтына бул кырдаалдар боюнча айтып берди. Анын сөзүнө караганда, 2016-2017-окуу жылында райондо 4 окуучу өз өмүрүнө кол салып, бирөө жанын кыюуга аракет жасаган.

«Бул окуялардын себептери белгисиз. Өткөн 2017-жылы Саруу айылындагы Сыдыков мектебинде мындай жагдайдан экөө болгон. 8-апрелде 4-класстын окуучусу өз жанын кыюуга аракет кылып, аны апасы көрүп, куткарып калган. Азыр бала тирүү, абалы жакшы.

Экинчи окуя 2017-жылы 12-апрелде болгон. Ал да Сыдыков атындагы мектепте. 8-класстын окуучусу өзүн өлтүргөн. Себептери белгисиз. Бирок, кийинчерээк белгилүү болгондой, аны бир нерсе ойлондуруп, ал коркуп жүргөн экен. Бир версиясы бар, кыз кайгырып жүргөн, бирок мектептен эч кимге өзүнүн коркунучу тууралуу айткан эмес. Белгилеп өтөм, бул жөн гана версия, анткени так себептери белгисиз. Биздин райондо психолог адистер жок. Ошондуктан биз анын психологиялык ден соолугу тууралуу эч нерсе айта албайбыз.

Үчүнчү кырдаал 2017-жылдын 23-майында болгон. 8-класстын окуучусу асынып алган. Анын ата-энеси ажырашып кетип, бала чоң атасы жана чоң энеси менен турчу. Көрсө, ал материалдык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жүргөн экен. Жөнөкөй кийимге жана бут кийимге муктаж болгон. Мектепте орто окучу, сабак калтырчу эмес, бирок муңайыңкы болуп калган. Ал мындай кадамга барат деп эч ким ойлогон эмес. Мектепте класстык сааттар жана көңүл ачуучу иш-чаралар абдан жакшы өткөрүлөт. Бирок балдар өздөрүнүн ички кайгысы тууралуу айтышпайт, бөлүшпөйт.

2017-жылдын 11-июнунда эс алуу учурунда Чоң-Жаргылчак айылынын тургуну, 7-класстын окуучусу тоодо ата-энесинин фазендасында өз жанын кыйган. Бала бай үй-бүлөдөн эле, атасы да, апасы да бар болчу. Көрсө, баланы ата-энеси фазендага чоң атасы менен чогуу жиберишиптир. Анын өлүмүнүн себептери белгисиз. Тергөө иштери жүргөн, бирок себептерин ата-энеси да, жакындары да, биз да билбейбиз. Анын мобилдик телефонунан эч нерсе табылган эмес, баары таза, өлүм алдында кат жазып да калтарган эмес.

Бул окуялардан мурун, 2016-жылдын 8-ноябрында 9-класстын окуучусу дагы… Ошол кыз менен кийинчерээк апрелде өзүн өлтүргөн кыз экөө — туугандар. Кийин белгилүү болгондой, биринчи өзүнө кол салган кыз экинчи кыздын түшүнө кирчү экен. Бул такталган маалымат эмес, бирок бул туурасында айтылып жүргөн. Жыйынтыгында кыздардын өлүм себептери ошол бойдон түшүнүксүз кала берди. Мугалимдердин айтымында, мектепте алар өздөрүн жакшы алып жүрүшчү, сабак калтырышчу эмес. А үйүнөн болсо, ал кыз өзүн башкача алып жүргөн экен. Ата-энеси анын абалын байкашпаптыр», - деп айтып берди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Ал 2016-2017-окуу жылында 4 суицид катталып, бирөө жанын кыюуга аракет жасаганын белгиледи. «Албетте, макала чыккандан кийин адамдардын таасири балдарды биз алып барып, асып салгандай болот. Бирок көйгөй эмнеде экенин түшүнсөңөр — бизде психологдор жок, социалдык педагогдор — булар жөнөкөй мугалимдер. Биз бардык чогулуштарда жана штабдарда психолог керектинин айтабыз. Психологдор азыр окуучуларга эле эмес, ата-энелерге да керек. Бардык окуялар үйлөрүндө же эс алуу учурунда болгон. Биз, райондук билим берүү бөлүмү, өзүбүз тараптан райондун ар бир айылында жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор, айыл өкмөттүн социалдык кызматкерлери, кыздар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ардагерлер кеңеши, жаштар лидерлери, жергиликтүү депутаттар менен биргеликте ата-энелер чогулуштарын өткөргөнбүз. Ошондон кийин да мындай окуялар болуп кетти. Мындан тышкары, социалдык педагогдор үчүн өткөн окуу жылында биз психология боюнча эки семинар өткөргөнбүз», - деп сөзүн жыйынтыктады Саадат Чекирова.

Булак: "Билим АКИpress"

Последние новости