www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашов башын кол чатырга катып, казиного “крыша” болгондон башка кыйратып деле эч нерсе кылган жок. Баса, илгери фараондор кулдарына кол чатыр көтөртүп алса, бул “сарыбаш” ойлорду кайдан тапканы белгисиз, кошоматчыларына кол чатыр көтөртүп алыптыр.

Ош шаарындагы кичирайондордун биринде сойкулук уюштурган көмүскө жай аныкталды. Аны уюштуруучулар укалоо (массаж) салону катары көрсөтүп келишкен. Жергиликтүү тургундар күмөн ойлорду жараткан мекемени текшерүүнү суранып ички иштер органдарына арыз менен кайрылышкан. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында бир нече киши кармалган. Төрт аял тергөө органдарына жеткирилип, алардын көбү башка аймактардан келгени маалым болгон. Бирөө бул ишти уюштурган деп шек саналууда.

Тартип коргоо органдары шектүү жайлардын сойкукана экенин ашкерелөө кыйынга турарын белгилешет. Коомчулукта аларды калкалаган же иштеткен адамдардын арасында аткаминерлер, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү бар экени айтылып жүрөт. Деги бул жерде казинонун калкалаган Таалай Сарыбашовдун мурду көрүнбөсө экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости