www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусундагы «Сары-Челек» мамлекеттик биосфералык коругунда жаңы өткөрмө пунктунун курулушуна капсула салуу аземи өттү.
Иш-чарага жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев, коруктун кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, министрликке караштуу мекемелердин кызматкерлери жана жаратылышты коргоо тармагынын ардагерлери катышты.
Жаңы өткөрмө пунктунун курулушу коруктун инфраструктурасын жакшыртууга, аймакка кирүүнү көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Аземден кийин Жеңиш Сейдалиев коруктун ишмердүүлүгү жана инфраструктурасынын абалы менен таанышып, жетекчилик менен «Сары-Челектин» мындан аркы өнүгүү пландарын талкуулады.
Белгилей кетсек, «Сары-Челек» мамлекеттик биосфералык коругу — Батыш Теңир-Тоонун уникалдуу экосистемаларын сактоодо маанилүү роль ойногон жаратылыш аймактарынын бири. Коруктун аймагы Сары-Челек көлү, тоолуу токойлору жана бай флора-фаунасы менен өзгөчөлөнөт.