www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге эл аралык издөө алынганына дээрлик бир жарым жылга аяк басып калды. Андан бери жиги билинбейт. Чөпкө түшүп кеткен ийнедей караса көзгө илинбейт.
Анын өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери чет өлкөдө жашырынып жүрөгөнү же чет жакта эмес, Кыргызстанда эле жашынып жатканы белгисиз. Анткени учурда анын кайда экени так аныктала элек.
Мынчалык изин суутуп кеткенди Штирлиц дагы кыла албаса керек. Айтор, таң берсең жарашат. Чээнде жатып, бир күнү жарк деп булуттан чыккандай пайда болсо, далайлар нес болот го. Күз дагы жакындап, саясий процесс кызып баратат.