www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2027-жылдагы ажылык сапарына барууну каалаган жаңы талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 25-августунда саат 09:00дө башталат.

Каттоодон өтүү үчүн жарандар электрондук идентификация (eID) же ID-карт паспортунун маалыматтарын «Ажылык» мамлекеттик санариптик системасына жүктөп, белгиленген алгачкы төлөм — 180 миң сомду өзүнө ыңгайлуу банктык тиркеме же электрондук капчык аркылуу төлөшү керек.

Төлөмдөр ажылык сапарына бөлүнгөн квота толгонго чейин кабыл алынат.

Белгиленген орундар толгон учурда «Ажылык» мамлекеттик санариптик системасы төлөм кабыл алууну автоматтык түрдө токтотот.

Алгачкы төлөмдү төлөп катталган жарандар төлөм жүргүзгөн убактысына жараша система тарабынан автоматтык түрдө орундарга бөлүнүп, кезекке коюлат.

Талапкерлерге эскертүү:
Каттоодон өткөн жарандар белгиленген мөөнөттө ажылыкка тиешелүү бардык зарыл документтерди толуктап, «Ажылык» мамлекеттик санариптик системасына жүктөшү керек.

2027-жылдагы ажылыкка катталуу жана алгачкы төлөмдү жүргүзүү улуттук валюта — сом менен жүргүзүлөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости