www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай АКШны Орусиянын мунайын сатып алган өлкөлөргө каршы экинчи деңгээлдеги тарифтерди киргизүү аракетинен баш тартууга чакырды.
Маалыматка ылайык, Пекин Вашингтон мындай чарага барган учурда жооп иретинде өзүнүн экономикалык чараларын көрүшү мүмкүн экенин эскертти. Бул АКШ экономикасына олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн экени айтылууда.
Ошондой эле Кытайдын санкциялары америкалык аскердик-өнөр жай компанияларына да таасир берип жатканы белгиленүүдө. Айрым маалыматтарда АКШнын коргонуу тармагындагы өндүрүш чынжырлары Кытайдан келген компоненттерге жана чийки затка олуттуу деңгээлде көз каранды экени айтылат.
Пекин менен Вашингтондун ортосундагы соода жана санкциялык тирешүү акыркы жылдары күчөп, эки өлкөнүн экономикалык мамилелерине басым жаратууда.