www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-августта Бишкек шаардык сотунда «75чилердин каты» иши боюнча соттук отурум башталды. Анда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка фигуранттарга карата чыгарылган өкүмдөр боюнча апелляциялык даттануулар каралууда.
Иш боюнча мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу, ошондой эле Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмиль Узакбаев өтүүдө.
Сот отуруму башталганга чейин Курманкул Зулушев журналисттерге Бишкек шаардык сотунун чечимин күтөрүн жана азырынча иш боюнча комментарий бербей турганын билдирди. Буга чейин райондук сотто да ал комментарий берүүдөн баш тарткан.
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков да журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Ал райондук соттун эркинен ажыратуу жазасын карабаган өкүмүнө байланыштуу комментарий берген жок. Ошондой эле өкүмдү адилеттүү деп эсептейби деген суроого жооп берген жок.
Курсан Асанов райондук соттун чечимине макул эместигин жана ошондуктан аны Бишкек шаардык сотуна даттанганын билдирди. Анын айтымында, ал соттук отурумдун ачык өтүшүн талап кылат.
Белгилей кетсек, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев соттун аймагына унаасы менен келген.