www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн» Кыргызстанда бирден-бир саясатчы Акылбек Жапаров экени жалпыга маалым. Кандай кырдаал болсун, суудан кургак чыгат. Ошол эле кезде, суусагандарды сууга алып барып сугарбай келет. Мындай жөндөм ар кимде жок. 

Мына Ыдырыс Исаков Акылбек Жапаровго эл арасында көп айтылган «куспаган сиз эле калдыңыз» деген суроо узатты. Кандай кырдаал болсун ыкчам, тез реакция кылган жагынан алдына ат салдырбаган эргул, дароо ойлонбостон: «Кус-чыч деген жаман, Черчиль деген чоң атабыз бар, Сузактан Барпыдан болуш керек, же Кочкордонбу ошол айткан», - деп айландырып-тегеретип, берилген суроого түз жооп бербей, уккан кулакты делдейтип Ыдырысты «сайга аркандап» кетти.

Бирок, Ташиевдин «кутурузациясында» жапа чеккендер сот аркылуу тарттырып жиберген мүлктөрүн кайтарып алышса болорун белгилеп, муну менен бир ок менен эки коёнду аткан.

Бирок, коомдо дагы деле «Жапаров качан жоопкерчилик тартат, кусат» деген пикирлер күч.

Последние новости