www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында өзгөчө абал режими учурунда бет кап тагынбай, “сасык кыргыздар!” деп сөгүнүп, милицияны башка чапкан кыздын иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Бишкектин Октябрь РИИБи маалымдады.

Маалыматтар боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 355-беренеси боюнча айыпталып жатат.

Белгилей кетсек, апрель айында Бишкекте бет кап кийбегендиги жана өздүгүн тактаган документи жоктугу үчүн токтоткон милиция кызматкерлерин жаш кыз ашата сөгүп, аларга кол көтөрүп, “сасык кыргыздар”, “кыргыздардын бардыгы койлор” деп сөгүнгөн.

Бул факты Октябрь РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “бейбаштык” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөө иштеринин алкагында кармалган адамдын өздүгү аныкталып, ал 1997-жылы туулган К.К. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Ал Октябрь райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, 15 күнгө СИЗО-1ге камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости