www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Республикалык ыкчам штаб сентябрь айынын аягынан тарта өлкө аймагында гриппке каршы эмдөө башталарын эске салды.
Эмдөөнүн негизги максаты — өлүмдү жана вирустун өрчүп кетишинин алдын алуу.
"Сасык тумоого каршы вакцина сатып алынды, ал этап-этабы менен ноябрга чейин алып келинет. Калкты эмдөө сентябрь жана ноябрь айларынын соңуна чейин жүргүзүлөт", — деп айтылат штабдын билдирүүдө.
Препараттар республиканын бардык облустары боюнча бөлүштүрүлүп, эмдөө иштери бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жасалат.
Бул вакциналар толугу менен акысыз түрдө тобокелдик тобуна кирген жарандарга сайылат. Мисалы, өнөкөт оорусу барлар, тез ооруй бергендер, кош бойлуу аялдар, балдар үйүндөгү бөбөктөр, кары-картаңдар жана медиктер. Эгер кошумча вакцина келип, тобокелдик тобунан ашып калса, калкты тейлөө тармагындагы милиция, мугалим, айдоочу, почта кызматкерлери сыяктуу адистерге сайыла тургандыгы маалым болду.
Өз каалоосу менен алгысы келген жарандар үчүн Бишкекте атайын уруксаты бар жеке клиникалар вакциналарды алып келип сайышат. Жыл сайын мындай кызматтарды "Цадмир", "Кроха", "Малыш", "Гиппократ", "Поликлиника 312", "Доктор Kg" жана Бишкек шаарындагы №6, 8 үй-бүлөлүк медициналык борборлору көргөзүп келет.
Кошумчалай кетсек, быйыл Ош шаарында дагы "Андрос", Кg, "Касиет", "Медальюкс", "Здоровье +" жеке клиникаларында эмдөө жүргүзүү пландалууда. Ал эми былтыр, 2019-жылы вакцинанын бир дозасынын орточо наркы 600-650 сомду түзгөн.
Булак: NazarNews.kg