www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын Лебап облусунда мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери сасык тумоого каршы өз эсебинен эмдөөдөн өтүүгө мажбурланууда.

Жергиликтүү бийлик 2022-жылдан тарта калкты ревакцинациядан өткөрүүнү пландоодо. Жума башынан бери Түркмөнстанда карантин чаралары кайрадан күчөтүлдү.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, орус өндүрүшүнөн чыккан “Ультрикс” вакцинасы үчүн бюджеттик мекемелердин кызматкерлери 21 манат төлөөгө милдеттендирилүүдө.

“Бардык мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлерин эмдөөдөн өтүүгө мажбурлашууда. Бирок жумушчулардан алгач акчаны чогултушууда. Акчаны банк картасы менен төлөгөнгө болбойт, накталай түрдө гана берүү керек”, - деди түркмөнабаддык кызматкерлердин бири.

Бул арада аймакта коронавирустун жаңы штаммы – омикронго байланыштуу карантиндик чаралар күчөтүлдү. Лебап облусунда ноябрдын ортосунан бери ачыла баштаган базарлар, дүкөндөр жана кызмат көрсөтүү ишканалары кайра жабыла баштады.

29-ноябрда Түркмөнстанда өз ишин аяктаган Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо миссиясы өлкө бийлигин COVID-19 вирусун аныктоо иштерин күчөтүүгө чакырган. Глобалдык коронавирус пандемиясы башталгандан бери түркмөн өкмөтү өлкөдө инфекция жуктурган бир дагы учур каттала электигин айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости