www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөрдүн түбүнө жеткени калдыбы?

Ушундайбы? Кумтөрдүн жетекчилигин колго алган Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердиги «күңүрттөшүп», тар чөйрөдө ар кыл кепти козутууда. Мурдагыдай алтындын сапаттуу казылышы үзгүлтүккө учураганы, техникалар сынып, жарактан чыга баштаганы, иштөө ыргагы бузулганы айтылууда.

Жумушчуларга медициналык кароолор жана тамак-аш начарлап, айлыктар да убагында берилбей калдыбы?

Ай сайын кирешенин түшүүсү, өндүрүлгөн алтындын көлөмү кайсы чекке жетүүдө? Накталай продукция тышкы өлкөлөргө сатылбаса, кайдагы каражат менен иштетип жатышат?

Эгерде иштин ырааттуулугу баштапкы деңгээлде болбосо, анда экономикабыздын өзөгүн түзүп жаткан Кумтөрдүн түбүнө жетип албайбызбы? Эмне үчүн бул жагынан толук кандуу маалыматтар берилбейт, «Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат» дейт.

Анын сыңарындай, Теңгиз Бөлтүрүк эң башкы өндүрүшүбүздүн абалы боюнча тааныштырып, коомчулуктагы шек саноолордон арылтпайбы? Же чын эле бир мандем барбы? Суроолорду жолдодук. Жообун күтөбүз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости