www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Азаттык" радиосундагы маегинде Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо үчүн Кытай менен түзүлгөн макулдашуу тууралуу комментарий берди. Анын айтымында, ишкананы тез арада реконструкциялоо маселеси көптөн бери көтөрүлүп келген. Мекемелер аралык комиссия түзүлүп, алар Кытайдан насыя алуу тууралуу сунуш киргизген.
- Келишимге бир күндө эле кол коюлуп калды дегенге мен караманча каршымын. Мекеме аралык комиссиянын чечимин өкмөт жактырып, кредиттик келишимге "кол кой" деген ыйгарым укукту берген. Андан соң кредиттик келишимди жактыруу боюнча өкмөт жыйыны болуп, Жогорку Кеңештин ратификациясына киргизилет. Техникалык-экономикалык негиздемеси болгон эмес деп атышат. Негиздеме кредит эффективдүү болгондон кийин болот да. Кредиттик макулдашуу болсо мыйзамдаштырылгандан кийин эффективдүү болот. 2013-жылы сентябрда мен кол койгон кезде чырлуу эмей эле, Кыргызстандын экономикасына пайда алып келет деген акча болчу. Мен кол койгон документте бир дагы коррупциялык элемент жок деп деп абийир алдында да мыйзамдын алдында да жооп берем, - деген Жантөрө Сатыбалдиев аткаруу, көзөмөл, эсеп-кысап иштеринде мүчүлүштүк кеткен болушу мүмкүндүгүн, бирок ал иштерге катышпагандыктан бирөөнү күнөөлөй албай турганын кошумчалады.
Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо үчүн Кытайдын Экспорт-импорт банкынан 386 миллион доллар насыя алуу тууралуу келишимге 2013-14-жылдары Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп турган кезде кол коюлган. Соңку убакта ЖЭБди модернизациялоого алынган насыянын максаттуу сарпталышы боюнча Сатыбалдиевдин да жоопкерчилигин кароо тууралуу пикирлер айтылган.
Булак: Азаттык