www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздын чыгаан уулу Сатыбалды Жээнбековдун бир нече жыл мурун белгилүү журналист Султанбек Жумагулов менен курган маегин "NazarNews" маалымат агенттиги окурмандарыбызга жарыялайбыз.
Сатыбалды Жээнбеков 1952-жылы Сузак районунун Тельман айылында туулган. Орто мектепти бүтүп, совхоздо иштеген соң Мичуринск педагогикалык институтунда окуган. Андан кийнн айылдык мектепте орус тили мугалими, мектеп директору. 1982-жылдан бери Кыргыз телерадио боюнча мамлекеттик комитетинде. Практикант дикторлуктан баштап жогорку категориядагы дикторлукка жеткен. Акыркы мезгилде телекөрсөтүүнүн баяндамачысы (комментатору) катары таанымал. 1991-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен республиканын мамлекеттик телерадиокомпаниясынын төрагалыгына дайындалды.
Акыркы мезгилде республика телерадиомамкомунун тегерегинде уу-дуу кептер от алып, бут "жумурай-журтка чейин" тарады. Аңгыча төр-айым жаңы төрага менен алмаштырылды да, ырас чуу өөрчүбөй, бир жаңсыл болгондой туру бар. Айтмакчы, биз кесиптештерибиздин ич ара ыйкы-тыйкысын териштирип, ушак-айыңга жакын узун кулактардын кычуусун кандыралы деп эмес, тек гана түмөн сан окурманыбызга жаңы төраганын таржымалын кабардап, эмне жаңы иштерге белсенип жатканын, көкүрөгүндө кандай ойлору бар экенин ортого салалы деген ниетте баарлашууга чыгынып бардык.
--Жаңы бийлик, жаңы жетекчилер. Азыр жигиттердин министр же төрага болгонуна көзүбүз деле үйүр алып калды. Ошентсе да, Президенттин жооптуу кызматка дайындашын кандай кабылдаганыңызды билүү кызык, Сатыбалды, Амиражанович.
--Телерадиомамкомуна өтө олуттуу маани бере турганын Президент өз интервьюсунда айтканы бар. Чынында жетекчини дайындоо жагы көпкө создукту. Акыры мага токтолушкан экен, ачыгын айтсам адегенде кетенчиктедим. Түйшүгү түмөн бул чарбаны башкарыш оңой эмес да. Алгачкы күндөрү ишти неден баштоону билбей дендароо тартып жүрдүм окшойт. Албетте, комитеттин, эми ал компания аталды, жумушун, проблемаларын жетишээрлик билем дечи, тек гана опол тоодой жүк мойнума жүктөлгөнүн аңдоодон улам бушайманга баттым көрүнөт.
Эми намыс деген бар да. Чыйрала ишти баштадык. Жашымда зоболом көкөлөп кетти деп манчыркоодон алыспыз. Радио менен теле — элдин аң-сезимин, маданиятын көтөрүүнүн күчтүү каражаттары. Ошол аркылуу элиме кызмат кылсам деген тилек. Тагдырдын мага берген буйругунан качпай, колдон келгенди жасап беребиз.
--Комитет эми компания болуп түзүлдү, демек структурасы да өзгөрөт деп күтүүгө болот. Жаңы төрага жаңы шартта ишин эмнедеи баштады экен?
--Компания жөнүндө жобо түзүлмөкчү, Президенттин указында бул көрсөтүлгөн. Жобону түзүүгө кириштик. Окумуштууларды тартып жатабыз. Бирок, түпкүлүгүндө, компаниянын өз кызматкерлери менен адистеринин күчү менен иштелип чыгат. Себеби, теле, радионун ишин ийне-жибине чейин өзүбүздөн артык эч ким билбейт эмеспи. Төрага катары принциптүү оюмду айттым: жобо мага эмес, жалпы чыгармачыл коллективге, телекөрүүчү менен радиоугарманга ылайыкталып түзүлгөнү жөн. Жобого- жараша компаниянын структурасы да кыйла өзгөрөт, андан соң жобону Мннистрлер кабинетинде жактамакчыбыз. Ошондон соң гана ишти кеңири баштайбыз.
--Массалык маалымдоо каражаттары, анын ичинде теле менен радно көп жылдар бою бир гана партиянын идеологиялык куралына айланып келгени анык. Ал тургай партиялык жооптуу кызматкерлер коомдун көкөй кести маселелерин тайманбай чагылдырган көрсөтүүлөрдү монтаждоого чейнн катышып, режиссердун милдетин колуна алган жоруктарын эшиткен учурлар болгон...
Эми телерадиокомпания Президенттин карамагына өттү. Албетте, Президент жамы журттун, коомдогу бардык катмардын ой-мүдөөлөрүн жактайт, ошентсе да телерадио эми Презнденттин гана энчисине айланбайбы, коомдргу ар бөлөк ой-пикирлерди да чагылдыра турган эркин каналдар болор бекен деген собол бар?
--Президенттик бийликтин партиялык бийликтен айырмасы асман менен жердей экенин баарыбыз аңдашыбыз кажет. Ооба, Президент жалпы элдин таламын көздөйт, элдик бийликтин эң жогорку органы. Компаниянын «мамлекеттик» деген статусу бар. Буга чейин да болгон, бирок ага иш жүзүндө «партиялык» деген көмүскө «көрнөк» да жармакташып келбедиби. Азыр ар кыл партиялар, уюмдар, кыймылдар жаралууда. Теле менен радио бардыгына сөз бериши керек, саясий плюрализмге калыс кароо кажет.
Бирок, мында бир жагдай бар. Телерадиокомпания биринчи кезекте мамлекетке таандык, мамлекеттин каражаты менен күн көрөт.
Ошондуктан, Президенттин мамлекеттин саясатын жүргүзү биздин милдет да, парз да.
Демократия жаңыдан гана торолуу жолунда. Көпчүлүгүбүздүн айрыкча укуктук жактан туташ сабатсыздыгыбыз, саясий маданиятыбыздын төмөндүгү демократиянын келечегине залакасын тийгизип жатканына күбөбүз. Мындай учурда обу жок саясий ураандарга жамынып, атак алгысы келгендер аз эмес. Түпкүлүгүндө демократияга, укуктук мамлекетке багыт алып, бул процесс элдин ыйманына, моралына шек келтирбегидей өтүшүн жактайм.
--Кыргыз журналистикасы бир нукка түшүп, мыкты жөрөлгөлөрү менен көзгө көрүнүп калды деп айтыш азыр эртелик кылат. Басма сөздө болобу, телерадиодо болобу “мен” деген сөзү бар өз ишинин нагыз устаттары (профессоналдар) өтө сейрек. Сыягы, баарыбызды тегиз бир идеологиялык нук менен тарбиялоонун кесепети го.
Кыскасы, кадр маселеси бардык жерде кыйын. Сиздердин компанияда журналисттердин кесиптик деңгээлин кантип аныктайсыздар: берүүлөрдүн саны боюнчабы, же чет өлкөдө, кийин Борбордук телекөрсөтүүдө колдонулган коомдук рейтингди киргизесиздерби?
--Мен «муну кыйратам, аны ойротом» деп күн мурунтан убада бергенди туура көрбөйм. Мисалы, коомдук- рейтинг түпкүлүгүндө жакшы нерсе. Бирок, көрүүчүлөр журттукун баалоо критерийи кандай болот? Шаардыгы бар, элеттиги бар, китеп, гезит окуганы бар, ырымга бир барак гезит окубаганы бар. Бул маселеде этият болгон абзел. Себеби, жанагы бирдей ой жүгүртүү, жогортон ташталган ураандардын чын-жалганын ажыратпай эле «ураалап» колдой берүү өнөкөтү адамдардын өз алдынча ойлонуп, өз алдынча чечимге келишине оңбогондой кедергисин тийгизген экен.
Адамдар гезит эмне жазса, радио эмне айтса ошону куду өзүндөй акыйкаттын туусу катары кабылдаганга көнгөн. Журналисттердин парзы - калың элдин маданиятын көтөрүү деп билем.
Ооба, кадрларга жардыбыз. Канча жылдар бою көкүрөктөгүнү ачык айталбай, жалган сүйлөп келдик. Орой айтканда, эки жүздүүлүккө көндүк. Идеологиялык догмалар журналисттердин «мен» деген үнүн өчүрүп, жалган идеяларды тили буудай куургандай насыйкаттоого, ичи былык фактыларды сыпаттап көрсөтүүгө мажбурлаган.
Эми заман өзгөрдү. Сөз эркиндиги келди. Бирок, аны бир беткей түшүнбөө кажет.
Сөз эркиндиги артында жоопкерчилик жатат. Журналист сөз эркиндигин пайдалана алат, а бирок анын түпкүлүгү мамлекетке, элге залакасын тийгизсе керт башы менен жооп берүүгө тийиш. Мурда кандай эле, бир чечим кабыл алышып, арты жаман чыкса, жооп тартаар адам табылчу эмес. Эмне десе коллегия же бюро деген шылтоо даяр.
Ток этер жерин айтканда, ар бир кадрдын, анын ичинде журналисттин да профессионал болуудан, өз кесибинин устаты болуудан башка чарасы жок. Компаниянын жобосун иштеп жатабыз дебедимби, ушул факторлор чагылдырылат.
--Мамлекеттик рангадагы жетекчилер дээрлик алмашты. Көпчүлук эми жаңы жаш күчтөр турмушту оңдосо деп тилеп турат. Албетте, оор шартта баарын дароо оңдоп кетүү мүмкүн эмес. Жетекчи инсандардын реформасынын келечектүүлүгүн, жеке мээнетин жылдар калыстайт. Мага азыр Сиздин энчиңизге өзгөчө тагдыр туш келгендей сезилет. Башка министрлер же төрагаларга караганда телерадиокомпаниядагы жаңылыктар, өзгөрүүлөр, жетекчинин кудурети, багыты бат билинет го деп ойлойм...
--Суроонун түбүн түшүндүм. Жогоруда айткандай, куру убада бергенди анча жактырбайм. Бирок, мелжеген максаттар, пландар бар. Утурумдук кадыр-баркка эмес, алыска кол сермегенди артык көрөм. Негизи өзүмдү мансап кубалаган адамга кошпойм. Андай илдеттен алыс болгон эле жакшы. Каякка: Сузакка, Кочкорго, Ысык-Көлгө, Таласка барбайын, ар бир үйдүн бир мүчөсүндөй күтүп алышат. Мага ушул эле урмат, барк жетет. Эми таалайыма ушундай чоң милдет туш келген соң, жанды аябай иштейм да. Төрагалык жумушту мамык орундук катары элестетпөө жөн, бул — опол тоодой жүк.
Ооба, жаш жетекчилер чыкты. Президентибиз баш болуп эң кыйын кезеңде эл башына келдик. Элдин күткөнү көп. Коомдук, экономикалык, маданий турмушта чалдыбары чыккан чарба энчибизге тийип отурат. Калайык ушул жагдайды даана түшүнсө деймин. Эскини кыйратып, жаңыны орното албай турган чакта өксүктөр көп болот, бул - мыйзамдуу көрүнүш. Табигый да бир абалдан-экинчиге өткөндө ар кандай катализмдер болбой койбойт. Биз ошол оорчулуктар колдон келишинче элге, коомго аз зыян алып келгидей аракет кылышыбыз керек.
Дал ушул учурда элдин ынтымагы чоң жөлөк болот эле. Жаат-жаатка бөлүнүп, ичибиз ирип турса, майда иштерге күчүбүздү коротуп республика ичи дүргүп жатса мелжеген белеске жеталбай, ара жолдо калаарыбыз анык. Анын үстүнө коомду ушул акыбалга жеткирип акырын жыла берген консервативдүү күчтөр оор жагдайды эми жаңы бийликке түртө салып, элдин маанайын бузчу түрү бар.
Президентибиздин жана башка мамлекеттик масштабдагы жаңы жетекчилердин ниети түз, мураты бир - элге жакшылык кылуу. Же болбосо А.Акаевдин же жаңы министрлер менен төрагалардын мурдагы кызматтарында кадыр-баркы, мартабасы жок беле? Баарыбыз тең ушул оор мезгилде эл үчүн иштеп берели деген тилекти туу кармап, мамлекеттик кызматка бел байлап отурабыз. Эми оорчулукту эл менен чогуу көтөрүп, кыйынчылыкты ынтымак менен жеңип, өнүгүүнүн жаңы сересине көтөрүлүп алсак деген ой көкүрөгүбүздө турат", - деген Сатыбалды Жээнбеков бир нече жыл мурун Султанбек Жумагулов менен курган маегинде.
Эске сала кетсек, кыргыздын чыгаан уулу Сатыбалды Жээнбеков 44 жашында ууланып каза тапкан.
Булак: NazarNews.kg