www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Чолпонбаевге ремонт жасоо учурунда жолдогу чуңкур үчүн протокол жазылды. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, айып пулду Эреже бузуулар кодексине ылайык, милициянын Кайгуул кызматына караштуу жол көзөмөл бөлүмүнүн өкүлдөрү жазып берген. 

Маалым болгондой, кечээ түнү милиция кызматкерлери Аалы Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүнүн ортосунан чуңкур көрүп калып, автоунаалар жабыркап калбаш үчүн таң аткыча эки жагын тосуп коюшкан. 

Айып пул Эреже бузуулар кодексиндеги 119-берененин биринчи бөлүмү ("Жолду бузуу") боюнча түзүлгөн. Ага ылайык, эми мыйзам бузган юридикалык тарап 17 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөшү керек.

Выбоина посреди улицы Аалы Токомбаева (Южная магистраль) в Бишкеке

Булак: NazarNews.kg

Последние новости