www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы шаардык соту 28 жаштагы Б.Ж.ны артыкча күч колдонууда күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылды.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, 20636 аскер бөлүгүнүн капитаны Б.Ж. катардагы жоокер Ж.З. постто уктап калганын көргөн. Капитан жоокерди өзүнүн кабинети чакырып, жоокер эңкейгенде, офицер аны көзүнө тепкен.

«Сот жараяны учурунда капитан күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Жабырлануучу айыпталуучуга каршы эч кандай арызы жок экендигин билдирди. Соттук-медициналык экспертиза катардагы жоокерде көз контузиясын аныктаган. Ал ден-соолугунан жеңил жаракат алган", - деп айтылат соттун өкүмүндө.

Натыйжада сот айыпталуучуну бир жылга пробациялык көзөмөлгө алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости