www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусия президенти Владимир Путиндин 30-июнда Ржев шаарында жолугушуусу пландалган эмес. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго таянып “РИА Новости” агенттиги жазып чыкты.

Журналисттин “иш-чарага кыргыз президенти конок катары чакырылган, Орусия мамлекет башчысынын катышуусунда эстелик ачуу аземинин убактысы жылышы мүмкүнбү” деген суроосуна Песков мындай жооп берген.

“Мындай пландар болгон эмес. Чынында, 30-июнда Ржев районунда "Совет жоокери" мемориалынын ачылышы болот. Президент бул иш-чарага катышууну пландап жатат”, - деди Песков.

23-июнда президент Жээнбеков баштаган расмий делегация Орусиянын борбору Москвага Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык парадга катышуу үчүн барган. Бирок делегация курамындагы эки адамдан коронавирус табылып, мамлекет башчысы майрамдык иш-чараларга катышпай калган.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбековдун Орусияга кийинки иш сапары Жеңиштин 75 жылдыгына карата Москва тараптын чакыруусу менен 30-июнга белгиленген.

“30-июнда Ржев шаарында 1941-1945-жылдарда согушта каза болгон кыргызстандык аскерлердин эстелигинин расмий ачылышы пландаштырылган”, - деп жазылган президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Песков кыргыз делегация курамынан коронавирус аныкталгандыктан, Жээнбековдун парадга катышуудан баш тарткан чечими үчүн ыраазычылык билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости