www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Аравия бийлиги, ажылык парзын аткаруучу мусулмандарга ажылык сапардын токтотулушу тууралуу билдирди. Ажылыкты уюштуруунун токтотулушу 1450 жылдык ажылык сапар тарыхында кыркынчы ирээт тыюу салынууда.

Сауд Арабиянын Ажылык жана Умра министри Мухаммад Солих бин Тохир Бантен Ажылык сапарын пландаштырган мусулмандарга ылайык "келишимдерге кол коюудан мурун күтүү керек. Биз дүйнө жүзүндөгү мусулман бир туугандарыбыздан кырдаал турукташмайынча күтүүнү суранабыз", - деди.

Ушул жылдын июль айында дүйнө жүзү боюнча 3 миллион адамдын Меккедеги Мукаррамага зыярат кылышы күтүлүүдө, ошондой эле Сауд Аравиясына жергиликтүү калк жана иммигранттар менен келгендердин саны 4 миллионго жетиши мүмкүн.

"Ошол эле учурда, биз Аллахтан бизди ушул пандемиядан сактап калуусун сурасак, Биздин падышалык, мусулмандардын жана анын жарандарынын ден-соолугун коргоо жөнүндө ойлонот" деди, Мухаммед Салих бин Тахир Бантен.

Белгилей кетсек, Сауд Аравия Королдугу Коронавирустук инфекциянын таралышына жол бербөө максатында кечээ, 2-апрелден тарта Мекке жана Мадина шаарларында адамдарга көчөгө чыгууга тыюу салган. Чечимге ылайык, эки шаардын жашоочулары өзүлөрүнүн конуштарына саат 06: 00дөн 15: 00гө чейин тамак-аш жана башка жеке муктаждыктары үчүн бара алышат.

Маалыматтарга ылайык, Сауд Аравиясында коронавирусту жуктурган адамдардын саны 2039 адамды түзөт. Алардын ичинен 25 адам каза болуп, 351 айыгып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости