www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабия акыркы 3 жылда биринчи жолу чет элдик зыяратчыларга ажылык сапарга келүүгө уруксат берди жана алардын санын 1 миллион адамга чейин көбөйттү. Бул тууралуу Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрлигине шилтеме берүү менен Арабиянын басма сөз агенттиги билдирди.
Быйыл коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн 65 жашка чейинки жарандарга ажылыкка барууга уруксат берилди. Чет элдик зыяратчылар королдукка кирерде 72 саат мурун алынган COVID-19 тестинин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек.
«Ажылык жана умра министрлиги зыяратчылардын ден соолугун жана коопсуздугун сактоо үчүн жөрөлгөлөрдү аткарууда сактык чараларын көрүп, профилактикалык көрсөтмөлөрдү аткаруусу керектигин баса белгиледи», - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам Сауд Арабиясы падышалыктан тышкары зыяратчылар үчүн ажылыкты токтотуп, зыяратчылардын санын 1000 кишиге чейин чектеген. Былтыр бул сан 60 миңге чейин көбөйтүлүп, бирок чет өлкөлүк зыяратчыларга ажылык сапарга кайрадан тыюу салынган.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, акыркы жумада (28-марттан 3-апрелге чейин) дүйнөдө 9 миллиондон ашык жаңы коронавирус инфекциясы катталды, бул мурунку жумага салыштырмалуу 16% аз. ДСУ ошондой эле өлүмгө алып келген COVID-19 учурларынын саны дээрлик 2 эсе — 43 пайызга кыскарганын билдирди.
Сауд Арабиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы суткада ковиддин 104 жаңы учуру катталды. Саламаттык сактоо министрлиги белгилегендей, учурда падышалыкта коронавирус инфекциясын жуктурган 5 миң 952 бейтап бар. Пандемия башталгандан бери королдукта коронавирус жуктурган 751 миң 622 учур катталган.
Булак: NazarNews.kg