www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алай жолу Камчыбек Ташиевдин жардамы менен курулат. Бул тууралуу «Ата Журтум - Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Шүкүрбек Эркебаев билдирди.
«Урматтуу Кара-Кулжа жана Алай элим, бала чактан бери максат кылып жүргөн Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алай жолун куруу боюнча бир жылдан бери чуркап жүргөн мээнетим кайтып, Камчыбек Кыдыршаевичтин жардамы аркылуу курула турган болду. Бул жол стратегиялык, мамлекттик болот.
Буюруп, бүтүп калса;
1. Кышкы жана жайкы туризм өнүгөт.
2. Бишкек-Эркечтам жолу бир канча километр кыскарат.
3. Жүргүнчүлөрдүн, айдоочулардын убактысы жана каражаттары үнөмдөлөт.
4. Өзгөн шаары, Куршаб айылы жол тыгынынан кутулат.
5. Кара-Кулжа жана Алай району экономикалык жактан өсөт.
6. Иш орундар ачылат. Аз да болсо миграцияны токтотот, ж.б.
Урматтуу элим, «бүткөн ишке сынчы көп, бышкан ашка жечү көп» дегендей баштала элек жолго авторлор көбөйдү, алды чуркап барышып, өздөрүн жарнамалаганга үлгүрүштү, сүрөттөргө түшүшүп социалдык тармакка чыгарып да жиберишти.
Эми туугандар, «эл тараза, эл сынчы» деп коёт элимде, өзүңүздөр баалап, таразалап алаарсыздар», - деп белгилеген Шүкүрбек Эркебаев.
Булак: NazarNews.kg