www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак үй Сауле Омарованы АКШнын Финансы министрлигинин алдындагы Валюталык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындоо сунушун сенатка жолдоду. Бул маалымат президенттин администрациясынын расмий сайтында 2-ноябрда жарык көрдү.
Талапкерлиги өтсө, Омарова 158 жылдык тарыхта бул кызматты башкарган биринчи аял болуп калмакчы. Башкармалык миңден көп ири банктарды көзөмөлдөйт.
Теги казакстандык 55 жаштагы Омарованын талапкерлиги каралып жатканы тууралуу маалымат августта тараган. Бул кабар АКШда талкууларга жем таштап, айрым банктар менен республикачылар анын идеялары өтө радикалдуу деп каршы чыгышкан.
23-сентябрда президент Джо Байден бул кызматка көрсөтүү ниетин билдирген. Омарованын талапкерлиги өтүш үчүн сенаттагы бардык демократтардын колдоосуна ээ болушу керек.
Булак: NazarNews.kg