www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги убактылуу баш калкалоочу жайлардын даректери

Ордо калаада суук түшкөнүнө байланыштуу убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылып, иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 1-ноябрдан тарта Свердлов жана Октябрь райондорунда убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылган. Ал жерден үйү жоктор тамак ичип, жылынып, түнөп кетери айтылды.

Октябрь районундагы баш калкалоочу жай Токомбаев көчөсүндөгү № 12 кичи районунда жайгашып, 80 кишиге ылайыкташылган. Телефондору: 511938, 0559180218, Сталбек Эсенкулов — Октябрь районундагы социалдык кызмат секторунун башкы адиси;

Свердлов районундагы баш калкалоочу жай Фере, 34А көчөсүндө жайгашып, 40 кишиге ылайыкташылган.

Телефондору: 360335, 0706 168877. Эркин Мамаев – Свердлов районундагы социалдык кызмат секторунун башкы адиси;

Биринчи Май районунда жай-кыш дебей "Коломто" уюму иштейт. Ал Жибек Жолу № 413 дарегинде жайгашып, 70 кишиге ылайыкташкан.

"Көчөдө калган адамдарды бул жайларга укук коргоо органдарынын кызматкерлери же Тез жардам кызматынын өкүлдөрү алып келиши керек. Эгер сиздер үй-жайы жокторду көрүп калсаңар, 102 (милиция) же 103 (Тез жардам) кызматтарына чалып коюңуздар", — деп жазылат маалыматта.

Кайрылган адамдарга ысык тамак берилип, коопсуздук үчүн милиция кызматкерлери нөөмөттө турары айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости