www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска каршы Индияда иштелип чыккан Covaxin вакцинасын каттоого алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"ДССУнун дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринин адистеринен турган консультациялык тобу Индиянын COVID-19га каршы вакцинасын таанып, вируска каршы препарат катары колдонсо болот деген бүтүм чыгарды", — деп жазылат кабарда.
Covaxin вакцинасын Bharat Biotech компаниясы иштеп чыкты. ДССУ аны 18 жаштан жогорку адамдарга колдоно берсе болорун айтып, эффективдүүлүгүн 78 пайыз деп баалады. Анткен менен азырынча кош бойлууларды эмдөө сунушталбайт.
Булак: NazarNews.kg