www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банктардын мыйзамдуу милдеттенмелеринин аткарылышын көзөмөлдөбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жумушчу тобунун жыйынында жабыркаган банктардын насыя алуучулардын өкүлү Абдумалик Кудайбердиев билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк жана сот органдары дайыма коммерциялык банктарды коргоону жакташат. «Кредиттин жарымын төлөгөндөн кийин банктар күрөөнү алмаштыруусу керек, анткени насыянын суммасы азыртадан эле азайып кеткен. Мыйзамда ушундай жазылган. Бирок КР Улуттук банкы бул норманын аткарылышын көзөмөлдөбөй жатат», - деп белгиледи Абдумалик Кудайбердиев. Көбү карызын төлөп бүтсө да үйүн кайтара албай жатышат. «Мисалы, менде төрт аял бар. Биз банктар менен тиешелүү органдар тил табышып иштеп жатат деп ойлойбуз”,-деди жабырлануучу Светлана Жумадылова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости