www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СДПК партиясынын 2012- жылы “Учур” гезитине “СДПКдан башка бир да партия шайлоочуларга өзүнүн конкреттүү программасын алып чыга элек” деп мактанып чыккан макаласын окурмандарыбызга тартуулайбыз.

Биринчиден, булардын катарындагы айрым төбөсү көрүнгөн саясатчы лидерлердин кечээ эле башка партиянын “чоорун тартып, ырын ырдап” жүргөндөрүн эл көрүп турат.

Экинчиден, ал партиялардын катары жалаң эле тааныштар, достор, урук-туугандардан турат. Орус туугандар айткандай, “ставка на кланов и на родственников” деген кеп. Анткени, элдин кадырын ала албаган бул партиялардын башка аргасы барбы?

Үчүнчүдөн, жыйырма жылдан бери эле “эл, элге жаныбыз курма" деп келатышкан айрым ири партиялар деле партиялык иштеги даанышмандык, алысты көрө билген башкаруучулуктун жоктугунан ар кандай ызы-чуулуу иштерге аралашып кетип, шайлоочулар арасындагы кадыр-баркын нөлгө түшүрүп алышты. Мисалы, учурда жетекчилиги толук курамы менен “мамлекеттик бийликти басып алууга аракеттенген” деген шектенүү менен темир тор артына отургузулган партиядан карапайым калк эмнени күтөт? Күтсө баягы эле тааныштар, достор, туугандар, анан анча-мынча “кол учу сыйын” татып калгандар гана күтөөр. Же лидери кечээ эле өкмөттү аз жерден дефолтко отургуза жаздап барып, кызматынан алынган партиянын кадырын канчалык деп баалоого болот? Андан калса, СДПКдан башка бир да партия шайлоочуларга өзүнүн конкреттүү программасын алып чыга элек. Улуттук башкы телеканалдан дебатка чыгып жатышкан талапкерлер деле кыйраткан нерселерди айткандарын укпадык. Баягы эле “жыргатабыз”, “аткарабыз”, “жасайбыз” деген желооз убадалардан ары аттап өтүшө элек. Эмне кылаарын так билишпесе, же колунда бир планы болбосо булар эмнени кылмак да, эмнени элге айта алмак. Бирок белгилеп айта кетээр бир нерсе - жанагы рейтингдерде баары бир калыстыктын, чынчылдыктын белгилери бар. Алардын дээрлик баардыгы бир ооздон СДПКнын кадыры учурда калк арасында бийик экенин танышпайт. Бул чындыгында эле ошондой. Аны төмөндөгү конкреттүү фактылар менен далилдеп бергенге аракет кылалы окурман.

Эл арасында эмне үчүн СДПКнын кадыры бийик? Кадыр-баркка жетишүү деген биздин 200дөн ашуун партиялар үчүн абдан азап иш экени айтпаса да түшүнүктүү. Кадыр-барк деген өзунөн-өзү эле келе берчү иш эмес. Ага жетишүү үчүн кызмат сиңирүү керек, ооз менен орок орбой, ишти иш жүзүндө көрсөтүш керек. Бул жааттан алганда, Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын мартабасы бир топ эле жогору болуп турганы талашсыз. Буга себеп СДПКнын аткарган жана аткарып жаткан иштери. Алар:

СДПК дээрлик 20 жылдык тарыхы бар, саясый тажрыйбасы мол, ири саясий партия;

*  СДПК дайыма эл тарапта болуп келди, акаевдик, үйбүлөлүк режимдердин тушунда аёосуз куугунтукка кабылганы менен чачырап тозуп кеткен жок, күрөштү көшөрө жүргүзүп келди, алтургай жогоруда атгары аталган эки президенттин тең өлкөдөн куулушуна чоң салымын кошту;

*  СДПК бийликке жетти, бирок ошону менен бирге өлкө үчүн толук жоопкерчиликти моюнга алды;

*   Алдыда келе жаткан жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоолорго СДПК өлкөнү, борбор калаа Бишкекти өнүктүрүү боюнча так жазылган программасы, ар кандай тармактардан кесипкөй адамда бирдиктүү команда менен келди;

*  СДПК Кыргызстандын энергетикалык көз карандыгын толук камсыз кыла турган үч маанилүү маселени чечти. Алар: Россия менен энергетикалык тармакта өнөктөштүктү жандандырып, Жогорку Нарын ГЭСтердин каскадын куруу боюнча макулдашууга жетишти. Республиканын түштүгүндө ири эле подстанцияларынын курулушу жүрүп жатат. Кемин-Датка линиясынын курулушу башталганы турат. Бул линия курулса, электр энергиясын түштүктөн түндүккө жиберүүгө жол ачылат жана жогоруда айтылгандай, Кыргызстан толук бойдон энергетикалык көз карандысыздыкка жетишет;

*  Социал-демократтардын дагы бир демилгеси - мурда приватташтырылып кеткен бала бакчаларды балдарга кайрып берүү. Бул багытта алгачкы кадамдар башталды.

* Бишкектин Октябрь районунда №82 бала бакчанын имараты бошотулуп берилди. №138 жана №56 башталгыч мектептердин имараттары кайтарылды. Аталган мектептердин ар биринин ремонтуна, жабдуусуна 30 млн сомдон акча каражаттары да каралды. Шаардык кеңештин биринчи эле сессиясында жаңы шайланган социал-демократ депутаттар бул долбоорду каржылоо маселесин алып чыгышмакчы;

* С Д П К н ы н программасында Бишкек шаарын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилген. Буга чейинки шаар кеңешине депутат болуп келген СДПК депутаттары жаңы конуштарды таза суу менен камсыздоо багытында шаар бюджетинен 27550,8 сом каражат бөлдүрүүгө жетишишкен, “Рухий мурас” жаңы конушундагы “Сельский” суу көлмөсү толук ондолгон. “Орто-Алыш” суу көлмөсүнө скважина казылса, “Ак-Өргө” жаңы конушунун тургундары таза суу менен толук камсыздалмакчы. Шаар кеңешиндеги СДПКчы депутаттар ошондой эле шаардагы биолабораториянын курулушун токтотуп, көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары үчүн 60 жаңы лифтти орнотуп берүүгө жетишишкен. “Жаш мугалимдин депозити”, “Жаш дарыгердин депозити” программалары, Бишкекке жаңы троллейбустарды алып келүү да СДПКнын депутаттарынын активдүүлүгүнүн аркасы менен ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, ушул макала чыкканына 8 жыл болуптур. “Эл арасында СДПКнын кадыры бийик” деп мактанып жаткан партия учурда ич-ара ызы-чуу болуп, чачырап олтурат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости