www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамдар ортосунда от жагуу илимин Кыргызстанда жок деп айтууга болбойт. От жагуу «илиминин доктору», кырды бычак кылуу боюнча «академик» Сагынбек Абдрахмановго окшогондор бар. Байыркы Римде деле бийлик үчүн катуу салгылаш болуптур, ошол жерде Марк Юний Брут деген «заговорщик» Юлий Цезарды бычак менен союп, бийликти алган. Албетте, Сагынбек Абдрахмановду Брутка теңеп болбойт. Эмнеге, биринчиден  Сагынбек Абдрахманов атаандаштарына миллион ирет бычак урсун, ал Сагынбек Абдрахманов бойдон калат. Эл ичинде пирамида сыяктуу жасалма кадыр-баркынын бир бороондук гана алы бар. Сагынбек Абдрахмановду керек кезде колдонуп турушуп, «одноразовый» байпак сымал ыргытып кеткени белгилүү болуп турат. Бирок Брут менен окшоштугу бар, анткени Кыргызстанды бүлүндүрүү операциясы менен ал Бруттан да коркунучтуу, Бруттан да ашып кетет. Рим империясында алы жетпей калганда «Разделяй, властвуй» деген принципти бекем тутушкан. Бул деген эмнени билдирет? Колуңан келбейби, анда тиешелүү жерлерди өзүңө ал да бийликти жүргүз деп жатат. Сагынбек Абдрахмановго тиешелүү жер Чүйбү? Кызык деги Сагынбек Абдрахманов деген адам бар экенин СДПКдан башка ким билчү эле? Сагынбек Абдрахманов СДПКга партия даяр болгондон кийин элди көтөрөйүн деп келди дейсиздерби? Ал өз карьерасын көтөрүү үчүн гана бул партияга киргени ачык болуп турбайбы. «Разделяй, властвуй» деген принцип да ошол аймакка баркы бар адамдар үчүн түзүлгөн. А дегенде эле айталы Сагынбек Абдрахмановдун Чүй облусунда баркы барбы? Бирөөнү жамандоонун, каралоонун профессору Сагынбек Абдрахмановго саресеп салып көрөлү.

Сагынбек Абдрахманов басса турса, уктап жатса да түшүнө алтын  кирген акчанын кулу. Мурдунан чимкириги куюлуп жүргөндө эле  алтын десе акактап калчу экен, алтын  деп койсо америкага жөө безип кеткен неме. Ойлогон оюу, көп жылдан күткөн тилеги ишке ашып, ал ШМКыдан токарь болуп чыгар менен Өзбекстандын Зарафшанына безип барып алтын казып алчу заводго орношот. Кийин Уралдын алтын чыгаруучу окуу жайын бүтөт да, кайра эле Өзбекстандын Навои деген шаарындагы алтын чыгаруучу заводго безеленет. Анын аталарынын Абдрахман деген ат алышында жана Өзбекстан, алтын дегенде жата кала турган адаты бир нерседен шек туугузат. Илгери Байтик баатыр палоо демдеп берсин деп, өзбек тараптан бир араба сартты алдырган, деги Абдрахман аксакалдын ошолор менен илинчеги жокпу?

Чындыгы аны ким билиптир, деги Сагынбек Абдрахмановду Өзбекстандын Зарафшаны менен Навоисинен  башка ким билген. 2010-жылы КСДП лидери аны мурдунан жетелеп келип кечээки эле айылдык, Аламүдүн райондук деңгээлдеги депутатты Жогорку Кеңешке алып келет. Анысын эл көп деле жактырган эмес. Дал ошол жылы  Бакиевдик бийликти жапжалгыз кетиргендей Сагынбек Абдрахмановдун эрдиги өтүп кеттиби же башка себеппи 2010-жылы 7-апрелинде бийлик алмашып кетип, аны түз эле Чүйдүн губернаторлугуна коюшат. Кандай губернатор болгонун ким билет? Эл оозу элек дейт, эл оозунда Аламүдүндүн алкынган жигиттеринин бири Тургунбек Кулмурзаевдин төбөсү чыгып көрүнүп, Сагынбек Абдрахманов тууралуу сөз да болгон эмес. Ооба, ал кезде Чүй облусунун мурунку губернаторлорунун бири Тургунбек Кулмурзаевди «серый кардинал» катары Чүйдүн супер –губернатору дешип, Чүйдө маселе болсо ошого барышчу. Анда эмнеге алтынды сүйгөн Абдрахмановду Чүйгө жетекчи кылышкан. Көрсө бул орун «Кыргызалтынга» секире турган «трамплин» гана болуптур.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости