www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖКны шайлоого төрт ай калды, парламентке шайлоо күзүндө болобу же кийинкиге жылдырылабы? Кээ бир саясатчылар белгилегендей ушул тапта президент Сооронбай Жээнбековдун чүкөсү айкүр конуп турган убагы. Ошондуктан, парламенттик шайлоону күзүндө өткөрсө, аны колдогондор көп болуп, коалициялык көпчүлүктү бир-эки партия менен эле 90 пайыз алып коймок деген кептер бар. Бирок, шайлоо 2020-жылы күзүндө же 2021-жылы өтөбү, айырмасы жок. Бары бир нече фактордон көз каранды, убакыт көрсөтөт. Азырынча 2020-жылы күзүндө шайлоо өткөрүү – айрым кишилердин тилеги. Бул шайлоонун башка шайлоолорго салыштырмалуу абдан кымбат баалана тургандыгы эмитен айтыла баштады. Ошондуктан капчыктары жукалар эмитен “шүк” отурбаса миллиондорду төлөп, парламенттик шайлоодогу 9 пайыз баскычтан өтпөй калса, акчасын БШК бүт шыпырып алат.  Азыркы бийлик айтып кеткендей парламентке өтүү тосмосун 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүүгө да макул. Бул маселеге депутаттар батыл кирише элек. Кээ бир депутаттардын 9 пайыз болсо деле бузулбаган трактордой тебелеп өтүп кетебиз деген ойлору бар, ошол эле мезгилде 7 пайыз эмес андан төмөн пайыз болсо да парламентке кайрадан жакын жолой албай турган депутаттар деле бар.

***Мыйзам боюнча БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2020-жылдын  октябрында парламенттик шайлоо болот деп, алдын –ала билдирип койгон. Шайлоонун жылышы үчүн себептер керек. Коронавируска каршы шайлоону жылдырып коюш мүмкүнчүлүгү бар. Азыр эл жумуштарына жаңыдан барып, мындай кырдаалдар түзүлгөн жок.

***Мыйзам боюнча президент партияда жок болуш керек. Бирок, президенттин саясатын колдогон жана каршы чыккан партиялар болушу күтүлөт. Азыр президентти Курултайынын чечими президентке көрсөткөн СДПК партиясынын тамтыракайы чыкты. Президент да кайсы бир партияга таянышы керек. Албетте, СДПКнын баркынын түшүшү менен партиялардын бары туңгуюкка кабылышпайт. Бүгүнкү президентти колдогон партиялар бар, ушул парламенттик шайлоодон соң, СДПК парламенттик көпчүлүк фракциясынан биротоло айрылып, башка партияларга жол бошотот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости