www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-июндагы Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында  эки бакылдак бир жерге олтуруп алып кыйкырып эле жатышат.

-Жооп бербейсиңби?! – деген ачуу кыйкырык салып аткан Анвар Артыков акыркы күндөрү өкүрүп эле калды. Эмнегедир СДПКнын өкүлдөрү “нервный” болуп калышканбы деген ой кетет. Мындай элитанын өкүлдөрү эл-журтка үлгү болбой олтуруп алып кыйкырып атса карапайым калкка унчукпай койсок болот. Таң калычтуусу кечээ эле Өкүмат башчы Соке ава бир мамлекеттик аткаминерди 1-класстын окуучусуна окшотуп кууп жиберген эле. Кыскасы ушакчы Кеңештин бакылдаган бардагы.  СДПКчылар оор басырыктуулукту, орду менен сүйлөгөндү Төрөбай Зулпукаровдон үйрөнүп алсаңар...

Баса, бүгүн Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Демилгечи депутаттардын бири Карамат Орозова жарандын бай же аз камсыз экендигине карабай, аталган мыйзам долбоору балдары бар үй-бүлөлөрдүн жана пенсия менен камсыз болууга укугу жок эмгекке жараксыз адамдардын, мамлекеттик жөлөкпулдарга жетүүсүн жөнөкөйлөштүрүү жана мамлекеттик жөлөкпулдар үчүн кайрылууда коррупциялык тобокелчиликти максималдуу кыскартууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди.

Ал эми депутат Кенжебек Бокоев жаӊы мыйзамда аз камсыз үй-бүлө, эмгекке жарамсыз жарандар деген түшүнүктөр алынып салынып, үч жана андан көп балалуу үй-бүлөдөгү балдарга 16 жашка чейин жөлөкпул берүү сунушталганын белгилеп: "Мындай болсо, эки балалуу аз камсыз үй-бүлө жөлөкпул албай калабы?" - деген суроо узатты. Буга демилгечи депутат Аида Касымалиева сунушталуучу мыйзам долбоорунда мамлекеттик жөлөкпулдардын үч түрү каралганын маалымдап: "Бала төрөлгөндө бир жолку сүйүнчү пул – 4000 сом, андан соӊ үч жашка чыкканга чейин ар бир балага ай сайын 700 сомдук жөлөкпул берилет. Андыктан, эки балалуу аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары албай калат деп кооптонууга негиз жок", - деди. Ошондой эле, депутат үч жана андан көп балалуу үй-бүлөдөгү балдарга 16 жашка чейин 500 сомдон чегерилерин кошумчалап, мындай сунуш изилдөөнүн натыйжасында кабыл алынганын билдирди.

Эске салсак, аталган жөлөкпулдар үчүн мамлекеттик казынадан 1,8 млрд. сом бөлүнүшү шарт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматы билдирди

Булак: NazarNews.kg

Последние новости