www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«SEAR Psychology» Эл аралык психологиялык-педагогикалык борбору Бишкек шаарында «Заманбап дүйнөдөгү ийгиликтүү ата-энелер» темасында конференция өткөрөт.
2017-жылдын 19-майында Бишкек шаарында «Заманбап дүйнөдөгү ийгиликтүү ата-энелер» темасында конференция өткөрүлөт. Ата-энелерге арналган мындай конференция Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүүдө. Бул иш-чаранын сессияларында актуалдуу маселелер каралат:
Күн өткөн сайын баламды түшүнүү кыйын болуп баратат!
Анын агрессиясы кайдан-жайдан пайда болууда?
Бала туура өсүп чоңоюшу үчүн ата-эне эмне кылыш керек?
Жай келатат, баланы эмне менен алагысытуу керек?
Мен өзүм жөнүндө ойлоюн дейм, бирок балага жетиштүү көңүл бура албай каламбы деп корком!
Конференциянын ишине Нуртазина Елена (CEO SEAR- Клиникалык психолог), Сулейман Гюмюшсой (Педагогикалык илимдин доктору), Нурзат Айтпай (психолог-терапевт) аттуу белгилүү жана алдыңкы адистер катышат.
«Заманбап дүйнөдөгү ийгиликтүү ата-энелер» конференциясында ата-энелер аз убакыттын ичинде абдан көп пайдалуу маалымат алышат.
Маалымат ирээтинде:
SEAR Psychology – бул жогору даражадагы психологдордун жардамы менен ата-энелер үчүн да, алардын балдары үчүн да кеңеш, көп профилдүү психологиялык кызмат алуучу Борбордук Азиядагы жападан жалгыз Психологиялык-педагогикалык борбор:
- Brain Play (Кабыл алууну өөрчүтүү Академиясы) тутуму боюнча мээни толугу менен диагностикалоо;
- адамдын көңүлүн концентрациялоого жардам берүү үчүн NASA «Play Attention» иштеп чыгарган аппараттын жардамы менен көңүл бурууну концентрациялоого жардам берүү;
- Коучинг;
- психологиялык тренингдер;
- жомок терапиясы;
- оюн терапиясы.
Булак: NazarNews.kg