www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сегиз жашар секелекти зордуктоого аракет кылган 67 жаштагы педофил жазадан кутулуу аракеттерин жасап жатат. Зордукчунун туугандары анын саламаттыгынын начардыгын айтып даттанышууда. Жактоочусу Чүй облсотуна “ал жөн эле бала менен ойногусу келгенин” билдирип арыз жазып, кылмыш ишин “Бейбашчылык” беренесине оодаргысы келип жатат. Анткени, алар “күбө” балдарды таап, жабырлануучу кыз ал күнү алар менен ойногонун, оозундагы кан даракка кырып алгандан улам чыкканын айттырышкан.

2017-жылдын 9-сентябрында Чүй облусунун бир айылында 67 жаштагы чал өтүп бараткан жаш балдарды: эки агасы жана карындашын жанына чакырып, алар келгенде секелек кызды колунан кармап алып эриндеринен өпкүлөп, тилин оозуна салып кирген. Жабырлануучу кыздын айтымында “колун алаасына сойлотуп, ооруткан”. Агалары аны куткарып калууга аракет кылышып, бирок күчтөрү жетпей койгондуктан, жардамга чакырып кыйкырып киришкен. Коркуп кеткен зордукчул кызды коё берген. Милиция чакырылып, педофил чалды кармашкан.

Кыздын апасынын айтымында, зордукчунун туугандары алардан кечирип сурашып, тергөө органдары, сот кандай чечсе ошондой болоорун, аны арачалап калууга аракет кылбашын билдиришкен. Аламүдүн райондук соту айыпталуучуну “Сексуалдык мүнөздөгү зордукчул аракеттер” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кескен. Кийин ал ооруп калып, №47 абактын ооруканасына которулган. Азыр анын ооруп жатканын шылтоолоп, кылмышын бейбаштык беренесине оодарып, жазасын жеңилдетүүнү көздөп жатканы айтылат. Чүй облустук сотунун бул иш боюнча отуруму 1-августка белгиленди

Булак: NazarNews.kg

Последние новости