www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сегизбаевдин аялы жана тарапташтары бошотулду

Президенттикке талапкер, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин милиция кармап кеткен тарапташтары бир нече сааттан кийин коё берилди. Бул тууралуу кармалгандардын бири Мээрим Асанова жергиликтүү маалымат булактарына билдирген. 

«Он чакты адам пикетке чыккан эле. Аларды милиция кармап кеткен, протокол тузүлгөндөн кийин кайра бошотулду».

Абдил Сегизбаевдин пикетке чыккан он чакты тарапташын жана жубайы Айнура Сегизбаеваны милиция Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө алып кеткен. Алар Сегизбаевди колдоо иретинде 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдына пикетке чыгышкан.

Ушул эле күнү улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун кызматка киришүү инаугурациясы өттү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев эки айга камакка алынган. 27-январда анын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сотко чейинки териштирүү үчүн 25-мартка чейин атайын кызматтын тергөө абагында кармоо жөнүндө чечим чыккан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости