www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Меймандардын катарында экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева, экс-спикерлер Медеткан Шеримкулов, Өмүрбек Текебаев, Асылбек Жээнбеков, экс-премьер-министрлер Кубатбек Боронов, Өмүрбек Бабанов, Турсунбек Чынгышев, саясатчылар Жылдызкан Жолдошева, Эльмурза Сатыбалдиев, Исхак Масалиев, Алмамбет Шыкмаматов, Марат Султанов, Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Аида Касымалиева, Мирлан Бакиров, Айсулуу Мамашова, Бактыбек Жетигенов, Канат Керезбеков, Максат Сабиров, Урмат Самаев, Искендер Гайпкулов, Пархат Тулендыбаев, Сайдолимжон Жураев, Абдывахап Нурбаев, Кенжебек Бокоев, Жанар Акаев, Аалы Карашев, Улан Примов, Исхак Масалиев, Марлен Маматалиев, Каныбек Иманалиев, камакка талапкер Исхак Пирматов, муфтий Максатбек Токтомушев, ЖАМКтын мурунку башчысы Мелис Турганбаев, Куралдуу күчтөрдүн мурунку башчысы Райимберди Дуйшенбиев, спортчулар Айсулуу Тыныбекова, машыктыруучусу Нурбек Изабеков, Максат Бегалиев, Дарья Маслова.

Ошондой эле премьер-министрдин жана вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Каржы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеев, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Улан Ниязбеков, Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов катышты. Садыр Жапаровго өлкө башчынын күбөлүгүн жана мамлекеттик штандартты Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырды. Сооронбай Жээнбеков трибунага чыккан жок. Садыр Жапаровдун 28-январда Улуттук филармонияда өткөн ант берүү аземине жалпы 1 миңдей конок чакырылганы айтылууда. Жапаров Садырдын Кыргыз Республикасынын президенти кызматына расмий киришүү салтанатында Шүкүрбек Эркебаев өзүнүн жеке пикирин  төмөнкүчө билдирди: «Октябрдагы окуялардан кийин өлкөдө көп нерселер өзгөрдү. Садыр Жапаров өзү эл арасынан чыккандан кийин элдин түйшүгүн түшүнүп, карызы барлардын карызын жеңилдетип төлөп берди. Садыр Жапаров эски бийликтин каталарын кайталабай, көп нерсени өзгөртөм деп убада берип жатат. Ошондой эле, жаңы кабыл алына турган Баш мыйзамды да өз мойнуна алып,  жасай турган иштерине жоопкерчиликти да алып жатат. Мурдагы бийликте жоопкерчилик деген нерсе жок болчу. Мындан ары бир топ жакшы иштер аткарылат. Эми Садыр Жапаров эл үчүн келгенден кийин элдин келечеги, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштеп бериши керек. Жан дили менен берилип иштеши керек», - деди ал.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости