www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды чогултууну улантууда.

Мэриянын маалыматына караганда, 2018-жылы «Пегас Ала-Тоо» ишканасына Токомбаев көчөсүнөн аянты 26 сотых жер тилкеси, социалдык, маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы объектилери бар көп кабаттуу турак үй үчүн 49 жылга ижарага берилген.

2020-жылдын төртүнчү чейрегин эске алганда, ижарачы 10 миллион 733 миң 633,09 сом суммасында ижара акысын төлөгөн эмес.

Буга байланыштуу мэрия карызды өндүрүү жана жогоруда аталган жерди ижарага берүү келишимин токтотуу боюнча сот органдарына доо арызы менен кайрылган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 27-январдагы чечими менен доо арыз канааттандырылып, 10 миллион 733 миң 633 сом шаардык бюджетке кайтарылып берилмей болду.

Мэрия ижарачылардан муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн акысын убагында төлөп берүүнү өтүнөт.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгына кайрылса болот:

Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, телефон: (0312) 45-42-73.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости