www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев атасы Алмазбек Атамбаевдин мамлекет тарабынан ыйгарылган сыйлык-наамдарынан ажыратылышы боюнча үн катты.
Ал бул туурасында өзүнүн Facebook социалдык баракчасына:
- Атам сыйлыкка муктаж эмес. Кандай иштеди, эмне кылды – ага Кудай, андан кийин эл тараза! Башкаларга окшоп элди аткан эмес, качкан эмес! Керек болсо, убагында түрмөдөн да эл чыгарып алган! Элден кечирим сураган – бул, менимче эң маанилүү! Ну, лишили наград – так лишили! Мы не первый раз такое проходим! Крылов айткандай: У сильного всегда бессильный виноват!!!, - деп жазды.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу жарлыкка кол койгон.
Президенттин администрациясы тараткан маалыматта, бул Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу үчүн жасалганы белгиленген.
Ага ылайык, Атамбаев Кыргыз эл баатыры артыкчылык даражасынан, II даражадагы "Манас", "Данакер" ордендеринен жана "Даңк" медалынан ажыратылды. Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматына бул сыйлыктарды мамлекеттик сыйлыктар фондуна өткөрүп алуу тапшырылды.