www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жалган кызматкерди кармаганын билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны Б.К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал мурда Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде кызмат өтөгөн.
Тергөөнүн версиясына ылайык, Б.К.Б. өзүн УКМКнын кызматкери катары көрсөтүп, ишкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, ири өлчөмдөгү акча каражаттарын — жалпы 26 миң 300 АКШ долларын мыйзамсыз алган.
Мындан тышкары, ал өзүнүн “абалын бекемдөө” максатында өзүн УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин жардамчысы катары тааныштырып, ошондой эле анын уулу менен жакын мамиледе экенин айтып, жарандарды коркуткан.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
УКМК Б.К.Б.нын аракеттеринен жабыркаган бардык жарандарды Чүй облусу боюнча УКМКнын башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө кайрылууга чакырат.
Байланыш телефону: 0312 53 03 01.