www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги экономист Сейдалы Мырзакматовду кепке тартып, Дүйнөлүк банктын Кыргызстанда жакырчылык күчөйт деген маалыматы боюнча баарлаштык.

-Сейдалы мырза, Дүйнөлүк банк Кыргызстанда жакырчылык күчөөрүн айтып, коңгуроо какты.  Жакырчылык күчөсө элди эмне күтөт?

-Дүйнөлүк банк жакырчылык болоорун эске алып, Кыргыз Республикасына дагы 121 млн. доллар жардам бөлдү. Анын жарымы грант, жарымы жеңилдетилген кредит экен. Дүйнөлүк  банктын жакырчылык күчөйт деп алдын ала  айтышына эки версия себеп болушу мүмкүн. Биринчиси, өздөрүнүн изилдөөлөрү. Экинчиси, жардам алалы деген негизде өкмөттүн берген маалыматы да болушу толук ыктымал. Бирок Дүйнөлүк банктын өзүнүн изилдөөсү жетишсиз. Себеби, алар Кыргызстандагы ситуацияны толук билишпейт. Бирок кандай болгон күндө да жакырчылык күчөшү турган иш. Быйыл экономикада артка кетүү болот. Эгер ковидге каршы 500 миллион доллардан ашуун каражат  келбегенде Кыргызстан азыр  эле дефолт жарыяламак. Ошол каражаттар менен  бюджетти жаап кетишти.

-Пандемия экономикабызды кыйла эле кыйратты. Эми тыштан келген жардамдар жана карыз алып күн көрөбүзбү?

-Кыргыз Республикасынын карыз алганы  жаман эмес. Болгону карызды Кытайдан гана албоо керек. Карыз албасак, мамлекетибизге акча аба менен суудай керек. Ансыз экономика таптакыр отуруп калат.  Капитализмде экономиканы эмгек өндүрүмдүүлүгү же башка факторлор эмес, эң биринчи кезекте ички керектөөлөр жана экспорт түзөт. Элдин керектөөлөрүн мүмкүн болушунча стимулдоо керек. Өкмөт элге АКШдагыдай акча тарата албаса дагы жок дегенде, айлык, пособие, пенсия өз убагында берилип турулушу керек.

-Өкмөттүн да абалы баарыбызга маалым болуп калды. Эми абалдан кантип чыгабыз?

-Абалдан чыгуу кыйын. Кандай болбосун өлкө экономикасына акча салуу керек. Чет өлкөлөрдүн жардамы болбосо кыйын. Ички резервдердин баары ковидге кетти. Өкмөттө эле эмес, элде да акча жок. Акчанын баары дарыга, медициналык жабдууларга жумшалып, ал акчалар кайра эле чет өлкөгө чыгып кетти. Ал аз келгенсип, эми мигранттардын да акча которуулары кескин кыскарат. Эми экономиканы көтөрүү үчүн өкмөт каражат табуусу зарыл. Улуттук банкта  сакталып турган кыргыз өлкөсүнүн алтын-валюта запастарына кол салууга мезгил келди. Ал запастар мына ушундай кризистик учурларга арналган. Жакшы  мезгил келгенде  толуктап койсо болот.  Кыскасы, карыз алгандан коркпой карыз алган  акчаларды максатсыз жумшап жибербей  экономикага салыш керек.

Анткени, азырынча Кыргызстанда чектелүү болсо дагы экспорттук потенциал бар. Кыргыз экономикасы жакынкы жылдары башка стратегияны тандап импортту жергиликтүү товар, кызматтар менен алмаштырышы керек. Чет өлкөлүк ишкерлерди ички рыноктон сүрүп чыгышы керек. Тагыраагы, бул деле экспорттун спецификалык түрүнө кирип калат. Кыскасы, мына ушундай жол менен келген акчалар колдон келишинче өлкө экономикасында калтыруунун жолун табышыбыз керек. Экономиканы калыбына келтирүүгө экспорт да жакшы. Бирок реалийдан алыс болбой, куру иллюзияга алдырбашыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости