www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Үй-бүлөмдү бийликке аралаштырган жокмун» деп көкүрөк койгулап келген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев саясатка кайтып жатат. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы Facebook-баракчасына жазып чыкты.

Белгилей кетсек, билдирүүсүндө ал саясатка 1993-жылдары келгендигин, кайсы партияда, кандай эмгектерди аткаргандыгын жазып чыккан.

На изображении может находиться: 1 человек

Мындан тышкары Сейит Атамбаев: “Мен саясатка жаңы кирген жокмун. Мен кайтып келдим. Тагыраагы, мени кайра келгенге аргасыз кылышты. Атамдын ордун басып, ишин улантып турушум абзел”, деп жазган билдирүүдө.

Эске сала кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Быйыл парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан. Азыр Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Ал 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошонушу үчүн соттолууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости