www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернетте изоляцияны бузган жана 15-кабаттагы терезеден кулап бара жаткан адамдын видеосу жарыяланды. Ал карнизди кармап калууга жетишип, полиция кызматкерлери келгиче кулап кетпеш үчүн чогуу жашаган кыздын колун кармап турду. Бул тууралуу “Подъём” басылмасы билдирди.
Басылма окуянын видеосун жарыялады. Видеотасмадан селфини сүйгөн адам терезеде асылып турганын жана анын сүйлөшкөн кызы ыйлап жатканын көрүүгө болот. Ылдый жакта элдер батирдин номерин сурап, аларга жардам келе жатканын айтып, подъезддин эшигин ачууну суранып жатышат. Акырында асылып турган адамды сактап калышты.
Маалым болгондой, 36 жаштагы киши сүйлөшкөн кызы менен таныштарына конокко келген. Ал жактан өзгөчө селфи кылайын деп, терезеге отуруп алат. Кокусунан кулап кетип, 15-кабаттагы терезеде асылып калат. Сүйлөшкөн кызы аны колунан кармап калып, бирок тартып алууга күчү жеткен эмес.
Селфи сүйгөн адамды жерине келген полиция кызматкерлери сактап калышты. Ошону менен катар алар изоляцияны бузганы маалым болуп, протокол түзүлдү.
Булак: NazarNews.kg