www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эске сала кетсек, 26-январдан бери Бишкек ЖЭБинде суу бөлүштүрүүгө керектүү жабдыктар иштен чыгып, көп кабаттуу үйлөрүндө жылуулук жоктугуна байланыштуу социалдык тармактагылар бийлик өкүлдөрүнө сын-пкирлерин айтууда. Белгилүү журналист Семетей Талас уулунун социалдык баракчасындагы айрым ачуу бирок чындыкка дал келген пикирин окурмандарга сунуш кылабыз.

“120 төөкуш жоготтум, көрдүңөрбү?)))) Ушулардын жемине корогон кайран акчалар))) Булардын күнөсканасы жылуу да, элдин эмне кереги бар? Ушу ТЭЦти модерн-афера кылгандар Кытайда болсоңор эмгиче атылып кетмексиңер. Багыңар бар экен. Бирок баары бир Алла Тааланын сурагынан кача албайсыңар. Балким ошол жердин ТЭЦин да модернизация жасарсыңар шакалдар! Былтыр Нарын облусуна кышкы 3 айга 2000 киловатт саат жарыкты 70 тыйындан берип койгула деп Нарын шаарында митинг кылдык эле. Себеби, бизде дайыма ушундай суук. Колунда жоктор светке акчасын аяп бир бөлмөгө тыгылышып, кичик балдар көп оорушат. Баарынын эле көмүр алганга чамасы келе бербейт. Биз ошондо суранган акча үч айга 26-30 млн сомдун тегереги болчу. Эми ТЭЦти модернизацияладык деген 2,6 миллиард сомдун дайыны жок. Деги тышкы 5 миллиард долларга чукулдаган карыздын үчтөн бир бөлүгү ушул энергетика тармагына кеткен. А так арам кулкунга кеткен көбү.

ТЭЦте авария болуп келген, мындан да катуу суук болгон, ошондо деле жарык өчкөн... Маселе анда деле эмес. Маселе ТЭЦке кеткен 380 млн долларга каякка корогонунда. Маселе биздин төбөлдөрдүн ачкөздүгүндө. Эсеби маселен, тажиктер 35 млн долларга жаңы ТЭЦ курушуптур го. Коопсуз шаарын 22 млн долларга бүтүргөн. Биздегидей 60 млн долларга эмес... Жегиле, ичкиле, жыргагыла, чычкыла, сийгиле жегичтер. Акыры силер деле өлөсүңөр. Силердей жегичтер үчүн дагы жакшы акыретте Алла Таала менен, эл менен эсептешүү бар. Эсебиңер эмки дүйнөдө берилсин топуракка гана көзү тойчулар. Аз калды силерге...деген пикирин жазган белгилүү журналист Семетей Талас уулу.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости