www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Семетей Талас уулу, кыргыз элин сырттан көрүп кайгырып, оор үшкүрүнүп, өзүнүн саясый ой толгоосун социалдык тармагына жазып чыкты.

--Шайлоого чейин, "Элге эмне кылып койдуң эле" дешчү. Аламанга аттангандардын айрымдары канча жылдан бери элге кылган жардамы унутулуп, эми көпчүлүк, "мага эмне кылып койдуң эле" дегенге өтүштү. Пандемия убагында өлүм менен өмүрдүн ортосунда кылган жардамдары, бекер дары-дармеги, адам өмүрүн сактаган кислороддук концентраторлору унутулду. Айылдар дүңүнөн 500 000 миң сомдон 2 миллион сомго чейин добушун сатмайга өтүштү. Элдин оозунда, "Ким канча берет экен?" шилекейин кылк жутуп, жаланып-жуктанган позиция.

Бул улуттук трагедия. Биздин, журналисттердин да бул жерде да күнөөбүз бар. Таза деген талапкерлер менен иштешкенибиз менен партиясынын көтү б.к. Бирок биздин пиар 2 000, 3 000 миң сомдун астында шоона эшпейт калыптыр. Болгону, маселен, 5 партия тең бир добушка 3 000 миң сомдон берсе, ошонун ичинен кичине тазарагына, иш кылганына гана добуш берүүгө өбөлгө түзө алат экенбиз. Тилекке каршы, "Сатылма Кыргызстанга" айланыппыз...

Бекеринен айрым депутаттар 5 жыл бою элге эч нерсе кылбайт тура. Себеби, кылган күнү деле эл аны барктап-баалап, ушул Өкмөткө чуркап жүрүп, мектебизди бүтүрдү эле, ФАП салдырды эле, жолду асфальттатып берди эле дешпейт экен. Шайлоо келдиби добушун сатат. Калганын урганы жок, деп жазды Семетей Талас уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости