www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин экономикалык абалды анализдегенге мээбиз жетпейт. Мындай пикирин журналист Семетей Талас уулу өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Моюнга алышыбыз керек, караңгы элбиз. Билимибиздин аздыгынан «мен андан өйдө турам» тыңсынуу, текеберчилик менен жеңил-желпи дискуссиялардын акесин окутабыз. Жаккан саясатчыларыбызды ашепке жактарын, жеп-ичкенин көрүп турсак да, ошол капкара жерин түкүрө калып тазалайбыз. Экономикалык билимибиз тайкы. Экономикалык абалды анализдегенге мээбиз жетпейт. Непадам, бирөө-жарым фактылар менен жазып чыкса деле, Президент минтип айтпадыбы деп ынабайбыз. Күнкарама анан жалкообуз.

Бизге «Кумтөрдөн» бешөө болсо өнүкпөйбүз. Себеби, өнүгөлү, билим алалы деген максатыбыз аз. Билимсиз, ыркы жок, аз шүгүр кылган, күнөө жана зына көп болгон жерде аферисттер бийлик башына келет. Ага өзүбүз татыктуубуз. Андыктан, «Жетимтоону» каздырбай урпактарга өткөрүп берели. Алардын коому оңолсо, өздөрү казып алышар», - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости