www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда Хожент шаардык сотунун төрагасы Хомиджон Мухаммадзода пара алуу шеги менен камалды. Аны менен бирге дагы бир судья жана адвокат да кармалган.

Мухаммадзоданын колго түшкөнүн “Озоди” радиосунун бир нече булагы тастыктады.

Хомиджон Мухаммадзоданын туугандары журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартышты. Бийлик анын адвокатынын ысымын айтпай жатат. Шектүүлөрдүн тагылган айып боюнча пикири кандай экени белгисиз.

Айрым маалыматтарга караганда, Мухаммадзода кармоо операциясы болорун алдын ала билип, пара белгиси бар акчаларды башка кишиге тапшырып, өзү качып кеткен. Операциясы быйыл 22-апрелде болгон.

Хомиджон Мухаммадзода Хожент шаардык сотунун төрагалыгына 2021-жылы 25-ноябрда дайындалган. Ал бул кызматты 1996-2000-жылдары да аркалаган.

Ушул тапта Тажикстанда 400дөн ашык судья бар. Акыркы он жыл аралыгында өлкөдө 30дай судья кармалып, ар кыл мөөнөткө түрмөгө кесилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости