www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тобокелге бел байлаган адам жеңишке жетишет

Аял киши же сүйөт, же жек көрөт. Үчүнчүсү болушу мүмкүн эмес.

Күңгө үйлөнгөн жигит өмүр бою кул болуп өтөт. Эгер сени бирөө бир жолу алдаса – бул адилетсиздик.

Эгер эки жолу алдаса, анда туура эле кылыптыр. Өзүңө өзүң жардам бер, ошондо Кудай да сага жардам берет.

Тобокелге бел байлаган адам жеңишке жетишет. Жакшы адам ит үргөнүнөн жаман болуп кетпейт.

Шайтан картайганда динчил болот. Шарап кирген жерден акыл качат.

Кичинекей торопой чоңойгондо чоң чочко болот. Токойдогу он кушка караганда колдогу бир куш артык.

Бийлик канчалык чоң болсо, жоопкерчилиги да ошончолук чоң болот. Түнкүсүн мышыктын баары күрөң.

Ашпозчу канчалык көп болсо, сорпо ошончолук даамсыз болот. Айнек үйдө отурганда таш ыргытпа.

Сүйкүмдүү баланын ысымы көп болот. Жалкоо уста узун жипти тандайт.

Картаң итке отурганды үйрөтүүнүн зарылдыгы жок. Адам басканды үйрөнөрдөн мурда сойлогонду үйрөнүшү керек.

Кыздардын көбү кызыгуудан улам кыз абийиринен ажырайт. (Швед макалдары) Ийне кичинекей, бирок баарын кийиндирет.

Иш маалында күндү сен өзүң ойгот. Музоо бир күнү уй болот. Кайсы манжаңды тиштесең да ооруйт.

Мышыкка каймак кайтартпа. Карышкыр койчулукка жарабайт. Көңдөй баштан өткөн оор жүк жок.

Жалгыз даракты шамал оңой жыгат. Ырдаганда чогуу ырдаган жакшы. Сүйлөгөндө бирден сүйлөгөн жакшы.

Ай жарык, бирок баары бир күнгө жетпейт. Коёндук кулагы узун, куйругу кыска.

Жолдун жээги бар, акыры жок. Шашкан таракан сорпого түшөт. Картаң карга жөн жерден “ка-ак” дебейт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости