www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Шайлоодо сеператистердин балдарын акчасына кызыгып, партиясына кошуп алгандар да болду, ошон үчүн ким бузуку, ким чыккынчы экенин аныкташыбыз керек», - деди бүгүн, 25-майда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Жусупжан Жээнбеков.

- Саламатсызбы, Жусупжан агай, Ош коогалаңын иликтөө башка максатты көздөйт, анын артында саясат турат деген пикирлер айтылууда. Сиздин оюңузду уксак...  

- Ош коогалаңын азыркы бийлик ийне жибине чейин иликтеп, чекит коюшу керек. Анткени, бул жерде биздин урпактарга да, сеператистердин урпактарына да сабак боло турган жагдайлар көп.

Себеби, мен кечээги шайлоолордо сеператистердин балдарын акчасына кызыгып, партияларына кошуп алгандар да болду. Алар кайрадан элди үгүттөп, жер кыдырып жүрдү. Муну карап, зээним кейиди.

Анткени, мындай нерсеге жол бергенибиз мамлекетти сыйлабагандык деп түшүнөм. Ошондуктан, бул маселени иликтеп, ким бузуку, ким чыккынчы, ким мамлекетти сактап калуу үчүн күрөшкөндүн баарын ачыкташыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости