www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сенатордун кандай кызыкчылыгы бар?

2010-жылкы бийлик алмашуунун капшабы менен өз маселесин чечип алууга кара ниетин бурган сепаратисттер эки улуттун ортосуна бүлүк салышканы боюнча талаш-тартыштардын кагылышуусу эмдигиче басыла элек. Башкы “каармандар” качып кетип, башын сактап калышты. Колго түшкөн Азимжан Аскаровдун болсо өмүрү түрмөдө өтүп жатат. Аны эч ким кыйнап, мыскылдап, кордогон жок. Кез-кез ага ык тарткан укук коргоочулар кирип акыбалын сурап турушат.

Ошол эле Азиза Абдурасулованын, Төлөйкан Исмаилованын башкалардын көз алдында эле “бапестелип” Азимжан каралып жатат. Нечен ирет аракет кылышканы менен эркиндиккке сепаратистти чыгара алышпаганына катуу өкүнүп жүрүшкөнүн алар жашырышпайт деле. Тимеле “элдик баатырды” коргогонсуп жүрүшкөнү көкүрөгүңдү муздатат. Ал тургай эл аралык деңгээлге чейин алып чыгышып, күйүтүн баса албай жатканына таң калуунун деле зарылчылыгы жок. Анткени булардын ашказаны батыштын “сөлкөбайларына” ылайыкташкан. Биздин сомду “жешсе” аш кылалбай кыйналып кетишет, кургурлар.

Үч күн мурда Американын сенатору Марк Рубио кайрадан жыландын башын чыгарыптыр. Түз эле бийликтегилерге кайрылып: “Талбас укук коргоочу Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгарышыңар керек”- деген кебин ташка тамга баскандай тастыктаптыр. Эми ал сенатор өмүрүндө Аскаров дегенди укту беле деген суроо туулат. Анда эмесе кимдер ага бул кабарды жеткиришти экен? Албетте, биздин “даңазалуу” укук коргоочулар батыштын өзүлөрүнө үндөш үлкөн кишилерине жетип барып жатышканы жомок эмес, чындык. Айтор, кайрадан биздин ички маселебизге киришкендер жылт этти. Анын жообу кандай берилерин күтүп туралы…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости