www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сенегалдын батышындагы Тивауана шаарындагы ооруканада чыккан өрттөн 11 ымыркайдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу өлкө президенти Маки Салл Twitter баракчасына жазып, көңүл айтты.

"Мен жаңы эле оорукананын неонатология бөлүмүндө чыккан өрт жаңы төрөлгөн 11 ымыркайдын өмүрүн алганын угуп, өтө кайгырып, өзүмө келе албай турам",-деп жазды Маки Салл.

Саламаттык сактоо министри Абдулай Диуф Сарр билдиргендей, алдын ала иликтөөлөр өрттүн тутанышына электр зымдарындагы авария себеп болгонун көрсөткөн.

Эске салсак, Сенегалдын ооруканаларында буга чейин да адам өмүрүн алган кырсыктар болгон. Өткөн жылы шаарлардын бириндеги ооруканада чыккан өрт төрт ымыркайдын өмүрүн алган.

Саламаттык сактоо жаатындагы адистер буга чейин эле өлкөдөгү ооруканалар коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда бейтаптарга толуп, коопсуздук эрежелери сакталбай калганын эскертип келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости