www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Акыркы учурларда Садыр Жапаровго да коррупция менен күрөшүү керек эместей сезилет», - деди бүгүн, 27-майда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Шамурза Бөрүкулов.

- Саламатсызбы, Шамурза мырза. Коомчулукта «Жапаров менен Ташиев тирешип жатат» деген кептер айтылуу. Экөөнүн достугу кимдир бирөөлөргө тоскоолдук жаратып жатабы?

- Эгер чындап тиреш башталган болсо, анда баягы эле трайбалистер Ташиевди батырбай башташса керек. Анткени, Ташиев жеке кызыкчылыгын жогору койгондорго, мамлекетти каалагандай калчайм дегендерге жолтоо болуп жатат.

Эмнегедир акыркы мезгилде мага президентке да коррупция менен күрөшүү керек эмес болуп бараткандай сезилет.

Байлык, бийлик кандай адам болбосун жолдон чыгарат. Мүмкүн президент да тез эле өткөнүн унутуп, кошоматчылардын айтканынан чыга албай жаткандыр. Мүмкүн Акылбек Жапаров президентти жолдон чыгарып жаткандыр. Президент өзү деле бир сапар «Акылбек Жапаров убагы келгенде жооп берет» деп айткан.

Бирок, жоопко тартмак турсун мурдагы иштери күмөн жараткан кишини мамлекеттин экинчи адамы кылып койду го. Ташиев коррупция менен күрөшөм деп аябай эле аракет кылып жатса, президентибиз өкмөттү коррупционердин колуна тапшырып берди.

- Президент Акылбек Жапаровдун артыкчылыктарына, тез ойлонгонуна, экономиканы чемичкейдей чакканына басым койгондур...

- Акылбек Жапаров канчалык билимдүү болсо да анын өкмөттү башкара турган жөнү жок. Демек, ишеним артса, бул жерде бир балээ бар. Акаевдин: «Торонтого Акылбек Жапаров барып, келишим түзүп келген» деген сөздөрү унутулуп, Акылбек чыладан чыгып, өкмөт болуп калышы да күмөн жаратат.

Эң негизгиси, Акаев аппак, Акылбек өкмөт болгон өлкөдө акыйкат барбы? Акыйкат башкара албаган бийликтин арты эмне менен бүткөнүн көп көрдүк. Президент мына ушундай адамдардын чеңгээлинде калганы үчүн эки достун жолу эки башка болуп бараткансыйт.

Акылбек Жапаров, Бөлтүрүк, Президент үчөө кандайдыр бир жашыруун иш кылып жатышкандай сезиле берет. Мүмкүн Ташиевди жекелетүү аракетин көрүп жатышкандыр. Негизи Ташиевдин электораты болбосо, президенттик шайлоо таптакыр башкача жыйынтык бермек. Ошон үчүн президент кандай болгон күндө да, Ташиевдин аракетин унутпашы керек. Коррупционерлерден Ташиевди жогору коюшу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости