www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-июлда Белграддын жанындагы Батайница аскердик аэродромунда Кытайдан алынган алты сокку уруучу учкучсуз аппаратты биринчи жолу коомчулукка көрсөткөн аскердик иш-чарага Сербиянын президенти Александр Вучич да катышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

“Булар алыс аралыктан – тогуз чакырым узактыктан бутага ата алат жана душмандын аймагындагы Сербиянын кызыкчылыгында болгон аймакты жана объектти жаздыра алат”, - деп Вучичтин айтканын Сербиянын N1 телеканалы көрсөттү.

Ал Сербия кытай адистери менен өзүнүн да ушул сыяктуу учкучсуз учактарын жасоону ишке ашыруу максатында кызматташууга макул болгонун кошумчалады. Ошол эле кезде ал сокку уруучу дрондордун баасын айтуудан баш тартты. Учкучсуз учактар өлкөгө ушул аптада жеткирилгени маалым болгон.

"Rainbow CH-92A" үлгүсүндөгү алты аппарат менен кошо Сербия аскердик учактар үчүн 18 ракета сатып алган.

Сербиянын Кытай жана Орусиядан аскердик курал сатып алуусуна Европа Биримдиги жана АКШ каршы болуп келет. Бирок Сербия CH92-A үлгүсүндөгү учкучсуз учактарды сатып алууга каршы эч кандай санкция жок экенин жүйө келтирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости