www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сербиянын президенти Александр Вучич элге кайрылуусунда кызматтан кетерин билдирди. Бул тууралуу сербиялык Kurir басылмасы маалымдады.

Ал кайрылуусунда Сербиянын жарандарына ыраазычылык билдирип, алар аны өлкөнүн президенти кызматына эки жолу шайлап, ага чоң ишеним көрсөтүшкөнүн белгиледи.

Ошондой эле Вучич 28-сентябрда президенттик ыйгарым укуктарын парламенттин төрайымы, Скупщинага (бир палаталуу парламент) төрагалык кылган Ана Брнабичке өткөрүп берерин билдирди.

Сербиянын Конституциясына ылайык, президент кызматтан кеткенден кийин жаңы президенттик шайлоо 60 күндүн ичинде дайындалышы керек.

9-сентябрда Сербиянын президенти парламентти таратуу жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону 25-октябрда өткөрүү чечимин бекиткен. Кийинчерээк Вучич сентябрдын аягында кызматтан кетип, парламенттик шайлоого даярданарын да билдирген.

Последние новости