www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сербиянын тышкы иштер министри, азыркы тапта премьер-министрдин да милдетин аткарып жаткан Ивица Дачич Орусия жана Кытай менен мамиле бул өлкөнүн «эң маанилүү улуттук кызыкчылыктарына» жооп берет деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 21-мартта Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуудан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Дачич Орусияга Косово боюнча маселеде Сербияга көрсөтүп жаткан «бекем» позициясы жана колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде бизди колдогон добуш бар экени биз үчүн өтө маанилүү», - деди ал.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлүн 1999-жылы жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы өз алдынча жарыялаган. Аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды. Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия тааныган эмес.

Косовонун 1,8 миллиондой калкынын 92 пайызын албандар, алты пайызга жакынын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости